Биз жөнүндө

Али Токтакунов


Али Токтакунов - белгилүү иликтөөчү-журналист. Ал 2011-2014 жылдары «Азаттык+» телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020- жылдар аралыгы «Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын» Прагадагы баш кеңсесинде журналист болуп эмгектенген. Ал Прагадагы Азаттыктын кеңсесинде иштеп турган учурда, «Кыргызстандан чыгарылган 700 миллиондун изи» аталышындагы резонанстуу иликтөө жарыялаган. Кийинчерек эл аралык өнөктөш ММКлар менен биргеликте Кыргыз бажысындагы коррупциялык схемалардын бетин ачкан масштабдуу иликтөөлөрдү жасап, «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аттуу иликтөөсү журналисттерге берилчүү абройлуу «Том Реннер» атындагы сыйлыкты жеңген.

Али Токтакуновдун резонанстуу иликтөөлөрү коомчулукка таасир этип, жарандар #Реакция аталышындагы нааразычылык акцияларына чыгып турушту. Алар иликтөөдө аты аталган Бажынын мурдагы орун басары, коррупциялык схемаларды түзгөн, 700 миллионго тиешеси бар Раимбек Матраимовду мыйзам алдында жоопкерчиликке тартуу талабын коюшкан. 2021-жылы Матраимовго кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында эки айга камакка алынды. Ал эми АКШ болсо, Раимбек Матраимов жана анын жубайын “Магнитский Акты” кара тизмесине киргизди.

Коррупция менен күрөшүү, иликтөөчү журналистиканы өркүндөтүү максатында, Али Токтакунов Прагадагы Азаттыктын баш кеңсесиндеги жумушун жыйынтыктап, Кыргызстандан өзүнүн “Али Токтакунов МедиаХабы” жеке платформасын негиздеди.

Али Токтакуновдун социалдык тармактагы баракчалары:
Gmail  Youtube  Facebook  Instagram

Дастан Жапар уулу


Дастан Жапар уулу кинорежиссер жана кинооператор. 2020-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Театр жана Кино факультетин бүтүргөн. Кыргыз киносунда бир топ көркөм жана документалдык тасмаларга оператор болуп иштеген. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон. 2016-жылы Бакыт Мукул менен биргеликте тарткан “Атанын керээзи” тасмасы менен Дүйнөлүк Монреаль Кинофестивалында дебюттук тасмалардын сынагында “Алтын Зенит” баш байгесин жеңип, дүйнөлүк кинонун тарыхына кирген. Тасма баш аягы 40ка жакын эл аралык фестивалдарга катышып, 23 сыйлыкты, анын ичинде 9 Гран прини, андан тышкары 7 улуттук “Ак илбирс” сыйлыгын утуп алган. Ошондой эле, Россиядагы “Ника” кинопремиясынын жана Азия Тынч-Океан Киноакадемиясынын номинанты болгон. Ал эми, 2017-жылы жаш режиссер Азия Тынч-Океан Киноакадемиясынын мүчөсү болгон. 2020-жылы Бакыт Мукул менен бирге “Акыркы көч” аттуу экинчи тасмасын жаратышкан. Тасма “А” класстагы Таллиндеги “Караңгы түндөр” эл аралык кинофестивалынын башкы сынагына катышкан. Андан тышкары, Дакка Эл аралык кинофестивалынын башкы сынагында Гран прини жеңип келген. 2017-жылы Испанияда өткөн Барселона Азия кинофестивалында Панорама секциясындагы тасмаларга жюри болгон. Ошол эле жылы КМШ өлкөлөрүнүн жаш киночуларынын "Үмүт" форумунда жюрилер курамына кирген. Учурда Дастан Жапар уулу "Али Токтакунов МедиаХабы" фондунун кино тармагын жетектейт.