О нас

Али Токтакунов


Али Токтакунов белгилуу иликтоочу-журналист. Ал 2011-2014 жылдары «Азаттык+» телепрограммасын алып баруучусу, 2015-2020 жылдар аралыгы «Эркин Европа/Азаттык Уналгысынын» Прагадагы баш кенсесинде журналист болуп эмгектенген. Ал Прага кенсесинде иштеп турган учурда Кыргыз бажысындагы коррупциялык схемалардын бетин ачкан резонанстуу иликтоолорду эл аралык ММКлар менен биргеликте жасаган.

«Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аттуу иликтөө апрель айында эл аралык эн абройлуу «Том Реннер» атындагы сыйлыкты женген. Али Токтакуновдун ар бир жаны иликтоосу коомчулукка таасир этип, жарандар #Реакция аталышындагы нааразычылык акцияларына чыгып турушту. Алар иликтоодо аты аталган Бажынын мурдагы орун басары, коррупциялык схемаларды тузгон, 700 миллионго тиешеси бар Раим Матраимовду мыйзам алдында жоопкерчиликке тартуу талабын коюп келишет.

Дастан Жапар уулу


Дастан Жапар уулу кинорежиссер жана кинооператор. 2020-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Театр жана Кино факультетин бүтүргөн. Кыргыз киносунда бир топ көркөм жана документалдык тасмаларга оператор болуп иштеген. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон. 2016-жылы Бакыт Мукул менен биргеликте тарткан “Атанын керээзи” тасмасы менен Дүйнөлүк Монреаль Кинофестивалында дебюттук тасмалардын сынагында “Алтын Зенит” баш байгесин жеңип, дүйнөлүк кинонун тарыхына кирген. Тасма баш аягы 40ка жакын эл аралык фестивалдарга катышып, 23 сыйлыкты, анын ичинде 9 Гран прини, андан тышкары 7 улуттук “Ак илбирс” сыйлыгын утуп алган. Ошондой эле, Россиядагы “Ника” кинопремиясынын жана Азия Тынч-Океан Киноакадемиясынын номинанты болгон. Ал эми, 2017-жылы жаш режиссер Азия Тынч-Океан Киноакадемиясынын мүчөсү болгон. 2020-жылы Бакыт Мукул менен бирге “Акыркы көч” аттуу экинчи тасмасын жаратышкан. Тасма “А” класстагы Таллиндеги “Караңгы түндөр” эл аралык кинофестивалынын башкы сынагына катышкан. Андан тышкары, Дакка Эл аралык кинофестивалынын башкы сынагында Гран прини жеңип келген. 2017-жылы Испанияда өткөн Барселона Азия кинофестивалында Панорама секциясындагы тасмаларга жюри болгон. Ошол эле жылы КМШ өлкөлөрүнүн жаш киночуларынын "Үмүт" форумунда жюрилер курамына кирген. Учурда Дастан Жапар уулу "Али Токтакунов МедиаХабы" фондунун кино тармагын жетектейт.